Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыктуу факт. Россиянын COVID-19 вакцинасынын жаратуучусу - Кыргызстанда туулган

Денис Логунов 140тан ашуун илимий эмгектердин автору

Россияда калкты коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө башталганы кечээ белгилүү болду. Колыманын жашоочулары эмдөөдөн өткөн биринчи жарандар болушту.

Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашко буга чейин вакцинанын 1 миллион 600 миң дозасы жарандык жүгүртүүгө киргенин жарыялаган. Жакынкы аралыкта, дары-дармектерди өндүрүү жана аймактарга жеткирүү көлөмү көбөйөт, атап айтканда, ушул айдын аягына чейин дагы эки миллион доза «Спутник V» жеткирилет деп күтүлүүдө.

Россиянын COVID-19«Спутник V» вакцинасын жаратуучулардын бири Денис Логунов Гамалея борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары. Белгилүү болгондой, ал 1978-жылы 13-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөн.

2000-жылы Логунов Курск мамлекеттик медициналык университетинин биотехнология факультетин биомедициналык инженер бөлүмүн аяктаган.

2019-жылдын июнь айында Россиянын Президенти Владимир Путинден саламаттыкты сактоону жана медицина илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх