21-январга карата Кыргызстанда 155 жаңы COVID-19 учуру катталды
Эки өлүм учуру катталды
21-январга карата Кыргызстанда 155 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 42, Ошто - 6, Чүй облусунда - 63, Ош облусунда - 12, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 11, Жалал-Абад облусунда - 11, Баткен облусунда - 3 адам.
136 жаран айыгып чыкты.
708 бейтап стационардык, 1044 амбулатордук дарыланууда.
Күнүнө эки өлүм катталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз