Жыл соңунда Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны азайган
Кырсыктардын себеби негизинен катуу ылдамдыктан болгон
2020-жылдын 12 айында Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 8% га аз. Каза болгондордун саны -0,7% жана жаракат алгандардын саны -10,5%.
Бардык жол кырсыктарынын анализине ылайык, 88,3% айдоочулардын айынан болгон. Кырсыктар негизинен ылдамдыкты жогорулатуудан, жолдо туура эмес бурулуу жасоодон, каршы тилкеге чыгып кетүүдөн, жолдун каршы тарабына өтүп кетүүдөн жана мас абалында унаа башкаруудан келип чыгат.
Балдар катышкан жол кырсыгы 1245ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 24,7% га аз болуп, жаракат алган балдардын саны азайган
26,2%.
Балдар онлайн билим алууда жана үйдө болгонуна карабастан, тилекке каршы, жол кырсыгына кабылган балдардын 41,9% жөө жүргүнчүлөр
ИИмдин ЖККнын басма сөз кызматы
Сүрөт www