Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардык транспорт башкармалыгынын жаңы башчысы Таалайбек Акматбаев айдоочуларды колдойт

Бишкек шаарынын мэриясынын ШТБнын башчысы жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

"БЖТАИ" муниципалдык ишканасынын (Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы) жыйынынын алдында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жаңы башчысы Таалайбек Акматбаев жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери, Мамлекеттик салыктын өкүлдөрү менен жолугушту .

Ай сайын алынуучу салыктын жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн убактылуу кыскартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Эске салсак, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларында, пандемия доорундагы кыйынчылыктардан улам ай сайын милдеттүү төлөмдөрдү төлөп берүү кыйын болуп жаткан айдоочуларга колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн.

Бул маселе мыйзамдык алкакта каралат.

Ошондой эле акыркы жолугушууда, Мэрдин милдетин аткаруучу жеке менчик фирмалардын жетекчилеринен  коомдук кеңешчиси боло турган бир өкүлдү шайлоону суранды. 

Жолугушууда Батыр Хан Мурагер ЖЧКсынын директору Юрий Петров көпчүлүк добушка ээ болуп, ага 18 адам добуш берди.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх