Кыргызстанда 5-февралга карата COVID-19дун 88 жаңы учуру катталды
Бир күндө эки өлүм учуру катталды
Кыргызстанда 5-февралга карата COVID-19дун 88 жаңы учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 33, Ошто - 2, Чүй облусунда - 28, Ош облусунда - 8, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 10, Жалал-Абад облусунда - 2 адам.
110 кыргызстандык айыгып чыкты.
511 бейтап стационардык, 608 амбулатордук дарыланууда.
Өткөн суткада эки өлүм учуру катталды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз