Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сиздин автобус же троллейбус кайда барат? Эми сиз мобилдик тиркемеден билип алсаңыз болот

"Тулпар" командасы Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорту үчүн онлайн көзөмөлдөө функциясын ишке киргизди

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Тулпар командасы акыры муниципалдык коомдук транспортторду онлайн көзөмөлдөө функциясын ишке киргизди.

Эми Бишкектиктер - карталардын жана Тулпар мобилдик тиркемесинин колдонуучулары - өз автобусун жана троллейбусун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, маршруттарын алдын-ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Транспорттун жүрүшүнө көз салуу үчүн, Тулпар тиркемесин жүктөп, жеке аккаунт түзүп, андан соң Маршруттар бөлүмүнө кирип, тизмеден каалаган маршрут номерин тандап алышыңыз керек. Туура иштөө үчүн туруктуу интернет байланышы талап кылынат.
Картадагы сандар көрсөтүлгөн аймакта аялдамалардын санын билдирет.

Урматтуу жарандар! Жаңы функция ушул жумада гана ишке киргизилип, мүчүлүштүктөрдү оңдоо режиминде турат. Сизден "Тулпардын" жашыруун колдонуучусу болуп, инновацияны колдонуп көрүп, социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги баракчаларыбызга тиркеме жөнүндө пикир калтырууңузду өтүнөбүз.

Facebook: https://www.facebook.com/tulparcardkg
Whatsapp: https://chat.whatsapp.com/I9PcneaQAjoCrIU1Q8oO16

Эгерде сизде "Тулпар" тиркемеси боюнча суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, анда ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот: 582000.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх