Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Альфа Телеком" ЖАКы бизнес үчүн программалык камсыздоочу ККМ кызматын ишке киргизди

"Альфа Телеком" Жабык Акционердик Коому, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын реестрине киргизилген фискалдык маалыматтардын оператору болуп, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында, кассалык программалык камсыздоону ишке ашыруу боюнча долбоорду баштады ( мындан ары - ККМ).

Бүгүнкү күндө "Альфа Телеком" ЖАК компаниясынын адистери товарларды жана кызматтарды сатууда аткарылган чекене операциялар боюнча фискалдык маалыматтарды берүү үчүн фискалдык маалымат оператору кызматтарын көрсөтүү боюнча техникалык жумуштарды аякташты. Компания KKM тиркемесине жеткиликтүүлүктү камсыздоо жаатында бардык чакан жана орто бизнес менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Фискалдык маалымат оператору аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен өз ара аракеттенүү үчүн мобилдик түзмөгүңүзгө атайын MegaKassa тиркемесин жүктөп алуу жетиштүү (Play Marketтен жүктөп алууга болот).

Ушундан кийин, сиз келишим түзүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат тутумунда кассалык машинаны каттоодон өткөрүү үчүн, Альфа Телеком ЖАКтын Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылышыңыз керек.

ККМ программалык камсыздоосун ишке ашыруу долбоору салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу санарип платформасы аркылуу Фискалдык маалыматтарды Салык кызматына коопсуз өткөрүп берүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Маанилүү! Чакан жана орто бизнести колдоо жана алгачкы эки айда ККМ программасын колдонууга көмөктөшүү үчүн, 2021-жылдын 1-июлуна чейин келишим түзгөн абоненттер үчүн фискалдык маалыматтарды берүү кызматтары үчүн жазылуу акысы алынбайт. Ошол эле учурда ишкерлерге ККМ программасы акысыз берилет.

"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх