Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда январь айында мектеп жашындагы 109 бала коронавируска кабылган

Жалпысынан өлкөдө биринчи жолу инфекция 2464 мектеп окуучусунан табылды

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 оорусу өткөн айларга салыштырмалуу азайгандыгына карабастан (ноябрь - 212,7, декабрь - 123,6, январь) - 100 миң калкка 53,2), калк арасында коронавирустук инфекцияны каттоону улантууда.

Жалпысынан, калк арасында биринчи учурлар катталгандан бери, Кыргызстанда КОВИД-19дун 85 328 учуру катталды, анын ичинен 2464 учур (2,9%) мектеп жашындагы балдар (анын ичинде дистанциондук билим алгандар), 1432 учур мектепке чейинки курактагы балдар арасында (1, 7%).

Билим берүү процесси башталгандан бери ноябрь айында мектеп жашындагы балдар арасында COVID-19 оорусу эң көп катталды (320). Декабрь айында 1,5 эсе (214), ал эми январь айында 2,9 эсеге (109 учур) аз катталган. Мектепке чейинки курактагы балдардын арасында ноябрь айында 175 учур катталса, декабрь жана январь айларында 1,4 жана 1,7 эсе аз болгон (128 жана 103 учур).

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх