Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Балбай айылына мектеп куруп берүүнү суранган балага чакыруу жөнөттү

Сегиз жаштагы Бекболот Турдушев президент ага чакыруу жөнөткөнүн айтты

Өз айылына мектеп салууну суранган сегиз жаштагы Бекболот Турдушев президенттен чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

- Мага Садыр Жапаровдон чакыруу келди, - деп белгиледи Турдушев. - Эки-үч күндөн кийин атам менен Бишкекке барып, мамлекет башчы менен жолугушабыз.

Бекболот Турдушев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылынан болот.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Турдушев Садыр Жапаровдон айылына мектеп куруп берүүсүн суранган видео тараган.

"Биз мектепке барышыбыз керек болчу, бирок бардыгы көгөрүп кеткен, биз аралыктан окушубуз керек" деди бала видеодо. - Эки кабаттуу мектеп курсаңыз, эл сизди жакшы көрөт.

Бекболот айтып жаткан мектептин имараты жыл сайын көгөрүп, жагымсыз жытты пайда кыларын түшүндүрүп берели. Ушул себептен мектеп окуучулары онлайн режиминде билим алууга өтүштү.

Мирайым Алмаспек кызы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх