Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Бишкекте тиричилик таштандыларын сорттоо боюнча пилоттук долбоор башталды (сүрөт)

 Эми таштанды идиштеринде чапталган сүрөттөр пайда болду: айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктары

"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын таштанды контейнерлеринен түздөн-түз сорттоо боюнча пилоттук долбоорду баштады.

"Контейнер" долбоору ушул кезге чейин Октябрь районунда гана башталган, ал райондук акимиат, МТУ, жеке компаниялар жана райондун активисттеринин колдоосу менен бюджеттен каржылык чыгымдарсыз ишке ашырылууда.

 

Таштандыларды кайра иштетиле турган азык-түлүк калдыктарына жана катуу таштандыларга бөлүү шаардын экологиясына келтирилген зыянды азайтууга мүмкүндүк берет, анткени таштандылардын айрым түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейин чирибейт, ал эми метан бөлүп чыгарган тамак-аш калдыктары өзүнөн-өзү күйүп, полигондо түтүн чыгып жатат.

Бул этапта таштанды контейнерлерине атайын наклейкалар чапталат: айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктары, таштанды челектердин жанында шаар тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыларды сорттоп, жердин тазалыгын көзөмөлдөгөн ыктыярчылар бар.

 

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында үч багыт боюнча чечим кабыл алууга болот:

1. Социалдык - шаардын таштанды жайларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жолу менен шаардыктарга өзүнчө чогултуу маданиятын сиңирүү; видео көзөмөл орнотуу, жарык берүү ж.б.

2. Калдыктарга морфологиялык анализ жүргүзүүнүн натыйжаларын колдонуу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.

3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын кирешелүү бөлүгүн көбөйтүү.

 

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх