Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстанда бир дагы вакцина келе элек

Жарандарды эмдөө качан башталат?

Бүгүнкү күндө кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө адамдарды коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө башталды. Vesti.kg сайты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышып, кыргызстандыктарга вакцинаны качан келерин сурады.

"Азырынча Кыргызстанга бир дагы вакцина келе элек", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова. - Бул этапта сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Үч этап бар. COVAX программасынын алкагында вакциналар февралдын аягында же марттын башында келе баштайт деп күтүлгөн. Бизди Sputnik V вакцинасы менен камсыздоо боюнча Россия тарап менен жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, кыязы, бул расмий делегация Москвага баргандан кийин чечилет. Аны аларыбыз менен эмдөөнү баштайлы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх