Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова Киевдеги турнирге катышат

Турнир украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүүгө арналган

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Украинада өтө турган турнирде өнер көрсөтөт. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясы билдирди.

Белгиленгендей, күрөш боюнча турнир украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүүгө арналган. Ал 26-28-февралда Киевде (Украина) өтөт.

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында аялдар арасындагы Кыргызстандын курама командасында беш спортчу бар экендиги көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамы:

57 кг чейин - Сезим Жуманазарова; 59 кг чейин - Назира Марсбек кызы;
62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова;
68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова;
76 кг чейин - Айпери Медет кызы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх