Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бильярдчы Каныбек Сагынбаев спорт мектебинин директору болуп дайындалды

Буга чейин бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп келген

Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бөлүмдүн башчысы Нурлан Токоноев эркин жана грек-рим күрөшү, бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин жаңы директору Каныбек Сагынбаевди командага тааныштырды.

Сагынбаев Каныбек Калыгулович 1985-жылы 11-ноябрда туулган. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2007, 2010, 2014) жана башка бир катар ири орус бильярд турнирлеринин жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Айша Карымшакова ээлеп келген.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх