Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын жаа атуу боюнча  курама командасы эл аралык турнирде 3-орунду ээледи

Мелдештер 22-27-февралда Ташкент шаарында өттү

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасы эл аралык Алпомиш ва Барчиной мелдешинде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

22-февралдан 27-февралга чейин жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Элпомиш ва Барчиной эл аралык турнирине катышты.

Аялдар жана эркектер командаларынын арасында Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээледи. Кошумчалай кетсек, Асель Шарбекова жеке таймашта аялдар арасында коло медалга ээ болду.

Бул мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун спортчулар катышты.

Спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде командировкага жөнөтүлгөнү белгиленди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх