Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу өтүүчү триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт

Мелдештер 2021-жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт

Триатлон боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
4-мартта Бишкекте триатлон боюнча Азия чемпиондугуна даярдыктар боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Департаменттин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку жана оор атлетика боюнча Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев катышат .

«2021-жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионатын өткөрүү пландаштырылган жана бул биз үчүн чоң сыймык. Биздин өлкөдө салыштырмалуу жакында пайда болгон триатлон тездик менен өнүгүүдө жана жыл сайын ал өзүнүн жактоочуларын көбөйтүүдө. 2018-жылдан бери Азия өлкөлөрүнүн кубогу жана триатлон боюнча Борбор Азиянын чемпионаты Кыргызстанда өтүп, ага көптөгөн өлкөлөрдөн миңден ашуун спортчулар чогулушкан. Алдыда боло турган триатлон боюнча Азия чемпионатына Азия аймагынын 20дан ашык мамлекетинин катышуусу күтүлүүдө. Мелдештин жүрүшүндө кесипкөй спортчуларды жана ышкыбоздорду көрсөтүү пландалууда », - деди Канат Шабданбаев.

Каныбек Осмоналиев белгилегендей, Кыргызстанда республикада триатлонду өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар бар. Ошондой эле, ушул деңгээлдеги чемпионатты өткөрүү буга өбөлгө болот.

Чынгыз Алканов дүйнөдө жана Кыргызстанда триатлондун өнүгүү тарыхына, ошондой эле триатлон боюнча Азия чемпионатына даярдыктарга токтолду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх