Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жолдорду жамоо иштери башталды

"Бишкекасфальтсервис" борбор калаанын көчөлөрүн иретке келтире баштады

Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн иретке келтире башташты.

Жумушчулар 2021-жылга өндүрүш планы боюнча жамаачылык иштерин башташты. Кечээ асфальт бетон заводу иштей баштады, болжол менен 35 тонна асфальт чыгарылды.

10-мартта төмөнкү кесилиштердегижолдор жабык:

• Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси;

• Чүй проспектиси жана көч. Павлова;

• Орозбеков көч.  Абдымомунов көч;

• Панфилов көч, Чуй пр ж.б.

• Фрунзе көч жана . Абдрахманов көч.

Оңдоо иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, көчөлөрдүн тизмелери жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы жарандардын арыздары жана кайрылуулары, комиссиялардын иш сапарлары жана облустук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде түзүлгөн.

Бишкек шаардык мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх