Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1000ден ашуун кыргызстандыктар инфобус кызматынан пайдаланышты

Шайлоо алдында маалыматтык автобустар өлкө аймагын кыдырып, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортторду алмаштыруу үчүн документтерди тапшыруу боюнча жергиликтүү кызматтарды көрсөтүшөт

Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен жарандарга атайын маалыматтык автобустардын жардамы менен биометрикалык каттоодон өтүү кызматын көрсөтөт.

Биометрикалык каттоонун болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Акция 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жарандардын катышуусун кеңейтүү максатында башталды.

3-марттан баштап инфо автобустар республиканын шаарларын жана айылдарын кыдырып, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортторду алмаштыруу үчүн документтерди тапшыруу, туруктуу жашаган (катталган) жерге каттоодон өтүү жана электрондук цифралык кол тамга алуу боюнча жергиликтүү кызматтарды көрсөтүшүүдө.

Учурда мобилдик топтордун жардамы менен 862 жаран биометрикалык каттоодон өтүштү, 44 жаран паспорт алмаштырууга, 137 жаран каттоосун өзгөртүү үчүн кайрылды.

Инфобустар 20-мартка чейин иштей берет. Инфобустар ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча жарандардын суроолоруна жооп беришет.

Кыргыз Республикасынын БШКнын маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх