Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Венгрияда өтө турган каратэ-до боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын спортчусу да катышат

Мелдешти эл аралык уюм UFC менен өнөктөшүп өткөрүүдө

Кыргызстандык спортчу Адилет Шадыканов Венгриядагы каратэ-до боюнча эл аралык мелдеште өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Каратэ-до федерациясы билдирди.

Белгиленгендей, Шадыканов 2018-жылдан бери Орто Азиядан Каратэ Комбат мелдешинин жалгыз катышуучусу.

Турнирге каратэ боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы жүздүгүнө кирген спортчулар гана катыша алары көрсөтүлгөн. 2011-жылдан ушул күнгө чейин Шадыканов Кыргыз Республикасынын 10 жолку чемпиону. Азия Кубогунун ээси, клубдар арасында Азиянын чемпиону, Про-Каратенин күмүш медалынын ээси, ошондой эле эл аралык турнирлердин көп жолку чемпиону.

Karate Combat - бул UFC календарынын бир бөлүгү болгон мелдештер.

Канышай Балкыбекова
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх