Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда электрондук кезек системасы иштебей калды. Эл нааразы (сүрөт)

Кезек компьютерлердин иштебей калгандыгына байланыштуу пайда болду

Ноокен районунун паспорт столунда электрондук кезек системасы иштебей калды. Эл нааразы. Султанбек Аманбеков фейсбук баракчасына кезек менен тартылган видео жана сүрөтүн жарыялады.

"Бул Ноокен районундагы паспорттук стол" деп жазган. - Өкмөт айткан электрондук кезек жок. Келгендер беткапсыз турушат. Көрсө, компьютерлер иштебей калгандыктан, алар көпкө кезекке турууга аргасыз болушат.

Видеодо элдер паспорт столунун жумасына төрт күн гана иштей тургандыгын билдиришет.

- Алар төрт гана күн иштешет, бешинчи күнү электр жарыгынын өчүрүлүшүн айтып, жумушка барышпайт, - деп ачууланып жатышат.

 

Vesti.kg сайтынын редакциясы мамлекеттик каттоо кызматынан түшүндүрмө сурады. ММКга маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх