Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Биз ишкерлерге кылмышкерлер тарабынан кол салуу болгон учурларда билдирүүнү өтүнөбүз

Милиция Кыргызстандагы ишкерлерди коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүүгө убада берди

Ички иштер министрлиги ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо милициянын приоритеттүү багыттарынын бири экендигин маалымдайт.
Азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш көзөмөлдө жана алар менен күрөшүүгө каражаттар жетиштүү.
Ишкерлер өз ишмердүүлүгүнүн жетиштүү деңгээлде корголгонун билиш керек. Ички иштер министрлиги ишкерликти коргоого жана ыңгайлуу шартты түзүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди жумшоодо.
Ишкерлер өзгөчө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын криминалитеттен коргош үчүн укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен тыгыз мамиле болуулары керек.
Ички иштер министрлиги укуктук тартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин жүргүзүүнү улантууда. Инсандын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү багыт болуп саналат. 2020-жылдын жанан 2021-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары уюшкан кылмыштуулуктун 200дөн ашык субьектисин кармашкан. Алар ар кандай кылмыштарды жасоого шектелгендер жана издөөдө жүргөндөр. Кармалгандардын арасында 10дон ашыгы криминалдык чөйрөдө жогорку статуска ээ.
2020-жылы 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча укукка каршы аракеттерге тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 22 адам кармалган. Укук коргоо органдары инвестицияларды тартуу үчүн ишкерликти жана иштик климатты өнүктүрүүнү жакшыртууга түрткөн экономикалык коопсуздук максатында бардык күч-аракеттерди жумшайт.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ишкерлерге криминалдык түзүлүштөр тарабынан коркутуулар, опузалап талап кылуулар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну сунуштайт. ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын телефону-0312 26-60-11, 0708 80-08-80.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх