Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күн бою эпосту айтууга ниеттенүүдө

"Манас" айтуу "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда болот

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 19, 20 жана 21-мартта Ош шаарындагы "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда "Манас" эпосун айтууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынан билдиришти.

Сыдыков саат 10.00дө айтып баштайт.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт эпосту айтып дүйнөлүк рекорд койгон. Ал 12-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.43тө айтып баштап, 13-ноябрда 00.17де аяктады.

Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 12 сааттык эпостун токтобой айтуусуна өтүнмө берилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх