Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кургак учукка чалдыккан жоокерлердин ата-энелери сотко кайрылууга даяр

"Инфекция буга чейин кургак учук менен ооруган баладан башталган. Атасы аскердик кызматта иштейт. Алар жумушка орношкондо, документтерди бурмалашкан "

Учурда кургак учук диагнозу тастыкталган 15 солдат  шаардык кургак учукка каршы ооруканада дарыланууда. Алардын 14ү бир бөлүктө - зениттик-ракеталык күчтөрдө кызмат өтөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасынан билдиришти.

Vesti.kg сайты жуктуруп алган  солдаттын биринин ата-энеси менен байланышты.

"Учурда баланын абалы туруктуу, анын дарылануу жакшы өтүп жатат " дейт жоокердин апасы. - Биринчиден, биз, ата-энелер, балдарыбыздын тыкыр дарылануусун каалайбыз, антпесе 2 айдан кийин аларды аскер бөлүктөрүнө алып кетүүгө болот деп жатышат. Дарыгерлер ошондой эле биздин балдар ооруп калгандыгына байланыштуу аскердик билети начар болуп калышы мүмкүн дешет, бирок биз ден-соолугу чың балдарды эч кандай оорусуз бердик. Массалык инфекция аскер кызматына чейин кургак учук менен ооруган баланын айынан башталды. Атасы аскерде иштейт. Алар жумушка орношкондо документтерди бурмалашкан. Көпчүлүк ата-энелер аскер бөлүгүн сотко берүүнү каалашат, бирок балдар бизден андай кылбоону суранып жатышат.

Коргоо министрлиги Vesti.kg сайтына массалык инфекцияны аскер кызматкери жасалма документтер менен провокация кылышы мүмкүн деген маалыматты тастыктады, бирок Аскер прокуратурасынын тергөө иштерине чейин анын так себебин айтуу мүмкүн эмес.


Эске салсак, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнун(шалаакылык)стаьясы  менен КЖБРде катталган сотко чейинки процесстин алкагында тергөө ишин баштады.

Дастан Советбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх