Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки алтын, күмүш жана коло. Ташкентте өткөн эл аралык марафондун жыйынтыктары

Марафонго жана жарым марафонго Кыргызстандын спортчулары катышты

Ташкенттеги үчүнчү эл аралык марафон 28-мартта өттү. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, Кыргызстандын спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту.

Марафондо:

Мария Коробицкая 42,1 км аралыкта 2 саат 32 мүнөттүн жыйынтыгын көрсөтүп, биринчи орунду ээледи. Илья Тяпкин 42,1 км аралыкты 2 саат 16 мүнөттө чуркап өтүп, күмүш медалга ээ болду.

Жарым марафондо байгелерди төмөнкүлөр алышты:

Дарья Маслова 21,1 км аралыкты басып өтүп, алтын медалды жеңип алды. Гүлшан Сатарова үчүнчү болуп келип, коло медалга ээ болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх