Мария Коробицкая Ташкентте өткөн марафондо жеңишке жетишти
Ал алтын утуп алды
Үчүнчү эл аралык марафон Ташкентте 28-мартта өтүп, анда Кыргызстандын спортчусу Мария Коробицкая жеңип алган.
Ал 42 км 195 мди 2 саат 32 мүнөттө чуркап өтүп, биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, 2020-жылы 6-декабрда экинчи Ташкент эл аралык марафону Ташкент шаарында өткөн. Ал жерде спортчу 2 саат 26 мүнөт 42 секунд эсебинде биринчи болду.
Бул жыйынтык ага олимпиадалык стандартты аткарууга мүмкүнчүлүк берди (2 саат 26 мүнөт 42 секунд).
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз