Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 1-апрелден баштап соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар жабылат

Чектөөлөр эки жумага киргизилген

Бишкекте 1-апрелден баштап соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, аянттарга кирүүгө чектөө эки жумага киргизилет.

"Үч күндөн бери соода борборлорунда рейддерди жүргүзүп, ээлерин бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана эрежелерди сактоого чакырабыз", - деди ал. - Эпидемиологиялык абал курчуп кетпейт деп ишенебиз. Ошондой эле коомдук транспортто рейддерди жүргүзөбүз, баардыгын беткапчан жүрүүгө милдеттендиребиз "деди.

Ошол эле учурда борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева Бишкек шаарында 1-апрелден баштап 6, 7, 8 жана 10-класстын окуучулары онлайн режиминде билим алууну улантарын кошумчалады.

"Эпидемиологиялык кырдаалды эки жума бою көзөмөлдөп турабыз, андан кийин бардык окуучулардын мектепке кайтып келээр-келбесин чечебиз", - деп жыйынтыктады ал.

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх