Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек Евразиялык дүйнөлүк мурас шаарларынын конференциясына катышты

Пандемиянын маданий туризмге жана виртуалдык туризмдин өнүгүшүнө тийгизген таасири талкууланды

Кечээ Түркстан шаарында (Казакстан) Евразиялык дүйнөлүк мурас шаарларынын 10-эл аралык конференциясы: Мурас, туризм жана шаар куруу.

Жолугушуу онлайн режиминде өттү.

Конференцияга дүйнөнүн 30дан ашык шаарларынын өкүлдөрү, анын ичинде борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева катышты.

Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмунун  долбоорлору көрсөтүлдү, дүйнөлүк Мурас объекттери көрсөтүлдү. COVID-19 пандемиясынын маданий туризмге жана виртуалдык туризмди өнүктүрүүгө тийгизген таасири, ошондой эле мурастарды сактоо жолдору жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Конференция Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик башкы катчылыгынын колдоосу менен Түркстан шаарынын Акимчилиги жана  Евразия аймактык катчылыгы тарабынан уюштурулган.

Конференциянын негизги максаты Евразия аймагынын шаарларынын өкүлдөрүн дүйнөлүк мурасты сактоо, пайдалануу жана жайылтуу маселелерин талкуулоо жана алардын чечимдерин издөө үчүн бириктирүү болгон.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх