Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ДИБМК Орозо айы качан башталарын маалымдады

Кадыр Тундун датасы кийинчирээк белгилүү болот

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айынын башталышын чечти. Орозо 13-апрелде башталат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ДИБМКдан билдирди.

Фитр-садактын суммасы жана Кадыр тундун так датасы орозо башталганга чейин Кыргызстандын Уламалар Кеңеши тарабынан аныкталат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты ДИБМКнын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулунун коронавирус менен ооруган адамдар орозо баштоодон мурун дарыгерге кайрылышы керектигин айткан.

Ал белгилегендей, адам ооруп калса, Рамазан айында дин орозо кармабоого уруксат берет.

"Эгерде дарыгер ден-соолугуңузга зыян келтирбөө үчүн орозо кармабаңыз деп кеңеш берсе, анда алгач калыбына келип, андан кийин орозо тутушуңуз керек", - деп түшүндүрдү Бактияр Токтогазы уулу.

ДИБМК ошондой эле ыйык Орозо айында эмдөөдөн өтүүгө боло тургандыгын баса белгиледи.

"Ушул айда бир дагы эмдөөгө тыюу салынбайт", - деп кошумчалады Бактияр Токтогазы уулу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх