Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MegaCom Ош шаарында өткөрүлө турган салтка айланган веложүрүшкө чакырат

  • жолу 0 кароо

MegaCom компаниясы Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен түштүк борборубузда веложүрүш өткөрөт. Спорт сүйүүчүлөрүн, жана да активдүү жашоо образын адатка айландырып алган түштүк калаабыздын тургундарын жана конокторун бейшемби күнү, 8-апрелде боло турган иш-чарага чакырабыз.

Веложүрүштүн алкагында катышуучулар MegaCom желегинин алдында шаардын борбордук көчөлөрү менен өтүшөт.

Керектүү санитардык нормаларды сактоо менен өтө турган масштабдуу спорттук фестивалга каалоочулардын баары катыша алат. Велосипед, жакшы маанай жана жол эрежелерин билүү гана жетиштүү!

Велосипеддерди көрсөтүлгөн номерлер аркылуу ээлеп коюуга болот: 0550 050536, 0559 121273.

Чогулуу: саат 15:00дө, Ош шаарынын борбордук аянтында.

MegaCom - спорт жана сергек жашоо үчүн!

 

"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы
"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх