Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек жана Ош шаарларында зомбулукка каршы митингдер өтөт

Буга Айзада Канатбекованын трагедиялуу өлүмү себеп болгон

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында саат 12.00дө аялдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарап жатат.

Уюштуруучу "Баштан-Башта" активисттер ассоциациясы. Ошондой эле социалдык тармактарда Ош шаарында саат 12.00дө Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын жанында митинг болот деген маалымат бар.

Эскерте кетсек, коомдун алдында турмушка чыгуу үчүн уурдалган кыздын өлүмү тууралуу кабар коомчулукту таң калтырган. 26 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде никеге туруу максатында жигиттер ала качып кетишкен, уурулук учуру видеокамерага түшүп калган. Эки күндөн кийин унаада уурдалган кыздын жана кызды уурдаган  биринин жансыз денеси табылган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх