Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ала качуу оор кылмыш, ал үчүн 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган"

Юристтер трагедиянын себеби укук коргоо органдарынын ала качууга болгон жакшы мамилеси болгон деп эсептешет

Айзаданын трагедиясына укук коргоо органдарынын ала качууга болгон жакшы мамилеси себеп болгон. Бул тууралуу "Адилет" укуктук клиникасы билдирет.

- Айзаданын трагедиясы аларды мамлекеттик бийлик органдарына никеге туруу үчүн ала качуу 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланган оор кылмыш экендигин эсине салууга аргасыз кылат. Ала качуу эч качан кыргыз элинин каада-салтына кирген эмес. Мамлекет ага тиешеси барлардын бардыгын катуу жазалашы керек дейт адвокаттар.

Алар Айзада Канатбекованын уурдалышын иликтеген чиновниктердин аракеттерин текшерүү керектигин белгилешти.

- Болгон трагедиянын бир себеби, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ала качууга болгон жакшы мамилеси болушу мүмкүн, - деп жазышты юристтер. - Келечекте мындай окуялар кайталанбашы үчүн укук коргоо органдарынын ишиндеги каталарды аныктоо жана жоюу максатында Айзада Канатбекованын уурдалышын иликтеген  аракеттерин кылдат текшерүү керек.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх