Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россияда кыргыз жарандарын жасалма документтер менен кармоо учурлары көп катталууда

ИИМ КРнын жарандарына бул үчүн РФнын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертет

Урматтуу мекендеш! Акыркы убакытта Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн биздин жарандарыбыз жасалма жолу менен жасалган ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө. Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх