Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер коронавируска каршы вакцина алышууда

Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт. Эмдөө алгандан кийин терс таасирлери катталган жок

Март айынын аягында Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө башталды. Эки жуманын ичинде 360ка жакын адам эмдөөдөн өттү, алардын 295 саламаттыкты сактоо кызматкерлери, борбордогу 20дан ашуун мектеп мугалимдери, карылар, 65 жаштан ашкан адамдар жана аскер кызматкерлери.

Белгилей кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору аркылуу кытайлык өндүрүүчү Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd компаниясынын 150 миң доза вакцинасы жана инактивацияланган Sinopharm вакцинасы алынган. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт. Бул вакцина менен эмдөөдөн кийин терс таасирлери байкалган жок.

Эмдөө этап-этабы менен жүргүзүлөт.

• Биринчи этапта жогорку тобокелдик тобуна кирген калктын топторуна эмдөө жүргүзүлөт: 65 жаштан ашкан карылар, медициналык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучулары жана кызматкерлери, аскер кызматкерлери жана башкалар;

• экинчи этапта өнөкөт оорулары бар жарандар эмделет;

• Үчүнчү этапта, калктын социалдык аялуу катмарына жана кошумча кайрылуучуларга эмдөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, борбордо эмдөө бөлмөлөрү төрт райондун ҮМБларында, Ленин районунун №2 ҮМБда жана Биринчи Май районунун №7 ҮМБда жайгаштырылган. Эмдөөдөн кийин бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн өзүнчө бөлмөлөр бар. Дарыгерлер үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү.

Эмдөөнүн алдында макулдук баракчасы толтурулуп, дарыгер текшерүүдөн өтүп, вакцина жана анын терс таасирлери жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле, ар бир жаранга вакцинанын кабыл алынган убактысы жана дозасы жана кийинки эмдөө датасы жөнүндө маалымат жазылган эскерүү картасы берилет.

Вакцинацияланган бардык маалыматтар бирдиктүү маалымат базасына киргизилген.

Урматтуу жарандар! Эмдөөлөр өз ыктыяры менен жүргүзүлөт.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр:

• оорунун курч формасы жана ПЦРдин оң натыйжасы бар адамдар;

• күчтүү аллергиялык реакциялары барлар;

• кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;

• 18 жашка чейинки балдар;

• 1-вакцинаны аллергиялык реакция (анафилактикалык шок, конвульсиялык синдром, ысытма).

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 546521, 546104.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх