Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 15-апрелден баштап дагы эки көчөдө Кытай грантынын эсебинен оңдоо иштери башталат

Аталган аймактардагы оңдоо иштерин жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда

Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! 15-апрелден баштап Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында көчөлөрдүн дагы эки участкасында жол иштерин баштоо пландалууда.

Кайра куруунун кезеги:

• Өмүракунов көчөсү  Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин. Көчөнүн түштүк тарабы боюнча унаалардын эки тараптуу кыймылы түндүк тарабын оңдоо учурунда сакталып калаарын белгилей кетүү;

• Шота Русатвели көчөсү Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин.

Аталган аймактардагы оңдоо иштерин жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду курууга байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардын түшүнүүсүнө үмүттөнөт, ошондой эле айдоочулардан каттамды алдын-ала пландаштырууну суранат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар ​​болот. Оңдоо иштери КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктери - Чайна Роуд и Бридж корпорациясы.

Урматтуу жарандар! Тынчсызданбаңыз! Бул тизмедеги бардык көчөлөр сөзсүз түрдө оңдолот, бир гана унаа жолу эмес, тротуарлар жана сугат иштери да таптакыр тартипке келтирилет. Учурда көп жүктөлбөгөн көчөлөрдү оңдоого артыкчылык берилүүдө, алардын көпчүлүгү турак жай конуштарындагы. Шаардын борборунда жайгашкан көчөлөрдө оңдоо иштери жай мезгилинде башталат, анда автоунаа трафигинин бир кыйла азайганы байкалат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх