Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын аткарылышы жөнүндө доклад берилет

КРда 193 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова БУУнун Регионалдык кеңсесинин өкүлү менен жолугушту

Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын башчысы Артур Яцевич.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук Докладынын Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу жөнүндө отчетун даярдоонун жол-жобосун талкуулашты.

«Быйыл Кыргызстан майыптардын укуктары боюнча комитетинде конвенцияда көрсөтүлгөн укуктардын аткарылышы жөнүндө отчет берет. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялаган, бул адам укуктары жаатындагы эл аралык келишим.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук кандуу жарандардай сезилиши үчүн, белгиленген эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык, алардын укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу курсунан өткөн 178-өлкө болуп калды, - деди Солтонбекова. ...

Өз кезегинде Артур Яцевич Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча Улуттук отчетту даярдоодо техникалык жардам көрсөтүүгө жана республиканын биринчи жолугушууга белгиленген улуттук отчетун берүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада 193 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын ичинен 32 миңи 18 жашка чейинки балдар.

КРнын ССМ жана СӨМ министрлиги

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх