Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Шайлоолорго байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти

Карантин чараларын киргизүү планы азырынча жок экендиги белгиленди

Шайлоо учурунда санитардык нормалар сакталган жок, натыйжада өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 оорусуна байланыштуу карантин киргизүү планы жок.

"Жарандар Кыргызстандын аймагында карантиндик чаралар киргизилеби же жокпу деп кызыгышат", - деди Бейшеналиев. - Президенттин жана Премьер-министрдин чечими боюнча карантин киргизүү пландаштырыла элек, анткени биздин өлкөнүн экономикасы буга даяр эмес.

Ошондой эле, ал калкты COVID-19га каршы эмдөөлөрдү тезирээк жүргүзүүгө чакырды.

"Бүгүнкү күндө 5000ден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү", - деди расмий өкүл. - Вакцинацияланган бир дагы адамда кыйынчылык болгон жок. Жакында Кыргызстанга орусиялык Sputnik V вакцинасынын 30 миң дозасы алынып келинет.

Анын айтымында, журналисттердин эмгегинен улам калкты эмдөө процесси жайлап калган.

- Тышкы иштер министрлигинин кызматкери анафилактикалык шоктон улам каза болду, - деп баса белгиледи Бейшеналиев. - Ал эми журналисттер анын вакцинадан көз жумду деген маалымат таратты. Мындан улам, биз жарандарды эмдөөдөн убактылуу токтотууга аргасыз болдук.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх