Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 17 пайызга азайган

2021-жылы жабыр тарткан жашы жете электердин көрсөткүчү жылдагыдан 25 адамга азайган 

2021-жылдын алгачкы үч айында Бишкек шаарында 93 кырсык катталган (2020-жылы 108), бул өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу 15 кырсыкка аз.

Жол-транспорт кырсыгынан жаракат алган балдардын саны 105ти түздү, бул көрсөткүч 25 адамга азайган (2020-жылы - 130).

Жалпысынан, 2021-жылдын биринчи кварталында балдардын катышуусунда болгон жол кырсыктарынын саны 2020-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 17,3 пайызга азайган.

Бул көрсөткүч Бишкек шаарындагы 101 орто мектепке бекитилген Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгын билдирет.

ПМКБнын Бишкек пресс кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх