Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы 2021-2022-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдык көрүүнү баштады

3,6 миң тонна жергиликтүү көмүр сатып алуу пландаштырылууда

Шаардыктарды келерки кышта жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында борбор калаанын мэриясы 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылуулук аралык мезгилде өзүнүн буу казандарын жана жылуулук тармактарын кийинки жылытуу мезгилине даярдануу боюнча иш-чаралардын планына ылайык оңдоп берет.

Буу казандарын, казан көмөкчү жабдууларын (түтүн түтөтүүчү түтүктөр, желдеткичтер, жылуулук алмаштыргычтар, насостор, химиялык суу тазалоочу жабдуулар, электр жабдуулары, газ жабдуулары, приборлор) оңдоо каралган.

Эскилиги жеткен 2,5 чакырым жылуулук тармактары алмаштырылат, жылуулук тармактарындагы жана буу казандарындагы өчүрүүчү арматура оңдолот. Мындан тышкары, буу казандарын жаңылоо пландалууда.

Ошондой эле жергиликтүү көмүрдү сатып алууга 3,6 миң тонна көлөмүндө тендер жарыялоо пландаштырылууда.

Жалпысынан курулуш иштерине жана даярдык иштерине болжол менен 30 миллион сом каралган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх