Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер тротуарлардын жана жөө киши өтүүчү жерлер жетишсиздигине нааразы

Мэрия жарандардын бир нече ирет кайрылууларын тоготпой жатат

Күрөңкеев / Каспий көчөлөрүндө тротуардын жоктугунан балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирип,  унаа токтотуучу жай пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман билдирди.

Анын айтымында, жарандардын Бишкек шаарынын мэриясына бир нече жолу кайрылуусуна карабастан, көйгөй чечилбей келет.

 

"Ушундай кырдаалдан бир эле адам жапа чеккен жок", - деп жазган окурман. - Мэриядан жөө адамдар өтүүчү тротуар орнотуп берүүнү талап кылабыз. Биз балдарыбыздын өмүрү үчүн коркобуз. Анын үстүнө, маршруттук таксилердин жана таксилердин айдоочулары, кырдаалдан пайдаланып, унаа токтотуучу жайды туура эмес жерге орнотушкн. Алар коомдук тартипти бузуп жатат, мэрия буга көз жумуп келе жатат. Кичи автобустун айдоочусу баланы тебелеп кеткен биринчи учур эмес.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар жолду асфальттоо жана жөө адамдар өтүүчү тротуар куруу маселесин чечип берүүнү суранып жаткандыгын белгиледи.

 

"Эгерде мэрия биздин кайрылууларыбызды тоготпой жатса, анда биз митингге чыгабыз", - деди аял.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх