Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокурорлор 16 гектар жерди мамлекеттин менчигине кайтарып беришти

Буга чейин бул жер тилкеси жеке менчикте болгон

Кара-Буура районунун прокуратурасы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

Ошентип, Чолпонбай айылдык кеңешинин жооптуу адамдары 2005-жылы жер мыйзамдарын бузуп, жергиликтүү тургун А.Э. жалпы аянты 16 гектарды түзгөн "жайыт" категориясындагы жерлерди менчиктеген. Бирок, мыйзамдарга ылайык, жайыттар мамлекеттин гана менчигинде.

Чолпонбай айылдык кеңешинин чечиминин негизинде облустук мамлекеттик реестр тарабынан жогоруда аталган кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугу жөнүндө тиешелүү акт түзүлгөн.

Бул факт боюнча материалдар КЖБРдин каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320 "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки процесстер башталды.

Мыйзамсыз берилген жер тилкесин (жайыт жерин) мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздары келтирилген, анын жыйынтыгы боюнча талаптар толугу менен канааттандырылып, жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх