Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын 13 лицензиясы бар

Алардын сегизи грек-рим жана эркин күрөш, ошондой эле спорттук самбо боюнча

Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын 13 лицензиясы бар. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жаштар иштери, спорт дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 13 лицензиянын ичинен 8и грек-рим жана эркин күрөш, ошондой эле спорттук самбо, 3 жеңил атлетика, 1 сүзүү жана 1 фехтование.

Олимпиада оюндарына акыркы лицензияны кечээ фехтование боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Роман Петров жеңип алгандыгы маалымдалды. Ташкентте (Өзбекстан) өткөн Азия-Тынч океанынын тандоо турнирине катышкан.

Белгиленгендей 32-Жайкы Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх