Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасында атышуулар уланууда. Жарадарлар бар

Тажик чек ара ведомствосу кыргыз кесиптештеринин чалууларына жооп бербей жатат. КР УКМКнын ПС маалыматы боюнча, кырдаал курчуп баратат

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн болжол менен 4 саат 40 мүнөттүн аралыгында Баткен облусунун чек ара аймагында, тактап айтканда, Баткен облусунун Көчө-Бою аймагында коркунучтуу кырдаал түзүлдү.  Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Андан кийин тажик тарап аңчылык мылтыктарынан өтүп бараткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Тажик тараптан атышуу мезгил-мезгили менен уланып келет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч.

Тажик чек ара башкармалыгынын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок, телефон чалууларга жооп берилген жок.

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх