Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозо учурунда COVID-19га каршы эмдөө алса болобу?

Муфтият ден-соолук маселелери, анын ичинде ыйык Рамазан айында да абдан маанилүү экендигин эске салды

Мусулмандардын ыйык Рамазан айында коронавируска каршы эмдөө орозону бузуу эмес, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы.

«Мусулман вакцинаны Рамазан айында ала алат. Ден-соолук маселелери абдан маанилүү. Эгер мусулман адам эмдөөдөн өтүүнү чечсе, эч ойлонбостон эле алса болот», - деди ДИБМКнын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору жалпы мусулмандарды Рамазан айынын башталышы жана орозонун башталышы менен куттуктайт.

«Бул майрам тазалануунун, жаңылануунун жана кайра жаралуунун символу, мээримдүүлүк жана кайрымдуулук, жакшылык жана адилеттүүлүк, толеранттуулук жана өз ара түшүнүшүү сыяктуу негизги баалуулуктар аны менен байланыштуу. Ушуну менен катар, биздин өлкөдө коронавирустук COVID-19 инфекциясынан жапырт эмдөө иштери жүрүп жатат, ошондуктан биз баардыгын эмдөө кампаниясына оң жооп кайтарууга чакырабыз. COVID-19га каршы вакциналарды колдонуу боюнча Медик Фихи Симпозиумунун сунуштары бар экендигин, анда COVID-19га каршы вакциналарды колдонууга байланыштуу Шариат эрежелери жөнүндө кененирээк маалымат ала тургандыгыңызды дагы маалымдайм », - деди Гүлбара Ишенаписова. .

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх