Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Милиция кызматкерлери айыл тургундарын коопсуз аймакка көчүрүштү

Баткен облусунда Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков аймактагы укук коргоо органдары жана Ички аскерлер менен түзүлгөн кырдаалды толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып барууда.
30-апрелге карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Үч айыл округунда: Аксай, Ак-Татыр жана Самаркандек аймактарында атайын күчөтүлгөн режим киргизилген.
Азырынча бул жөнүндө билүүнүн кажети жок ”деп айтты.
Милиция кызматкерлери Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук жана Арка-2 айылдарынын жашоочуларын коопсуз аймактарга көчүрүштү.

Учурда чек ара аймагындагы кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынды. Милиция кызматкерлери постторду орнотушту, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абалы туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, элдик кошуундар облустук ички иштер башкармалыгынын, Ички аскерлердин жана башка күч структураларынын өздүк курамы менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүштү.

Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх