Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MegaCom компаниясы баткендиктер үчүн акча чогултуп жатат, 1227 ишеним телефону иштей баштагандыгын жарыялайт

MegaCom компаниясы жана Кызыл Жарым Ай Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдын курчушунан жабыркагандарга, ошондой эле Баткен облусунун эвакуацияланган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн шашылыш түрдө акча чогултуу башталгандыгын жарыялайт. Мобилдик оператору MegaPay тиркемеси аркылуу кайрымдуулук иретинде каалаган суммасын которуп, мекендештерди тилектештикке чакырат.

Акчаны кантип которсо болот?

Бул талап кылат:

· MegaPay мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңыртыңыз (Google Play же App Storeдон жүктөп алууга болот);

· Кызматтын башкы барагынан "Баткеним Менин" кызматын тандаңыз;

· Акча каражаттары эсептен чыгарыла турган телефон номериңизди жана каалаган которуунун суммасын көрсөтүңүз;

· Төлөмдү ырастоо.

Ошондой эле  Alfa Telecom ЖАК аймактагы калкка гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 1227 Ишеним телефону иштей баштагандыгын билдирет.
МААНИЛҮҮ! Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн Ыкчам байланышка акысыз чалуулар жеткиликтүү.
MegaCom компаниясы бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубат жашоо каалайт жана Баткен облусунун чек ара аймактарынын калкын биргеликте колдоого чакырат.

 

"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы
"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх