Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы 10 психолог жана психотерапевт Бишкектен Баткен облусуна жөнөп кетишти

Жалпысынан куралдуу кагылышуу болгон аймакка 81 дарыгер барган

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда жабыркагандарга жардам берүү үчүн башка аймактардан кеткен 40ка жакын дарыгер бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа штабда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, алгачкы күндөрү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп кетти. Мындан тышкары, министрдин орун басарлары менен кошо дагы бир нече дарыгерлер Бишкек жана Ош шаарларынан чыгып кетишти. Министр менен кошо 9 адам учуп кетти. Учурда 40ка жакын дарыгер Баткен облусунда болуп, жардам көрсөтүүдө. Жалпысынан Баткен облусуна 81 дарыгер барган. Айрымдары буга чейин кайтып келе жатышат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары кошумчалагандай, Баткен облусунда жабыркагандар менен 7 психолог жана психотерапевт иштешет, бүгүн, 3-майда дагы 10 психолог жана психотерапевт Бишкектен Баткен облусуна жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын Медиа штабы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх