Бишкектеги дагы эки мектеп аралыктан окутууга өттү
Дагы 10 мектеп карантинде калууда
Өткөн суткада борбор калаада коронавирустук инфекция менен жугуштуу пневмониянын 139 учуру аныкталды.
4-майда дагы эки билим берүү уюмдары онлайн режиминде иштешти - №66 жана №93 мектептер. 10 мектеп дагы деле болсо карантинде: №61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88.
Мындан тышкары, 32 класс аралыктан окутулат, мектептер өз ишин улантууда.
Эске салсак, борбор калаадагы 6 мектеп карантинден кайтып, оффлайн мектептердеги окуу процесси жанданды: №26, №63, №17, №35, №67 жана №24.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз