Кыргызстанда 7-майга карата 385 жаңы COVID-19 учуру катталды
Үч өлүм учуру катталды
Кыргызстанда 7-майга карата 385 жаңы COVID-19 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Бишкек шаарында - 226, Ош - 12, Чүй облусу - 108, Ош облусу - 4, Нарын облусу - 16, Ысык-Көл облусу - 15, Баткен облусу - 4 адам.
Күндүн ичинде 348 адам айыгып кетишти.
160 бейтап стационардык дарыланууда, 2465 амбулатордук дарыланууда.
Бир суткада үч өлүм катталды.
Сүрөт vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз