Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Бир тууган кыргыз элине”. Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна ун жөнөтөт

Гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун жөнөтөт. Бул тууралуу Фейсбукта Казакстан Республикасынын Президентинин пресс-катчысы Берик Уали жарыялады.

"Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, Президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечти", - деди басма сөз катчысы. - Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткара баштады.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх