Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MEGA24 тиркемесинде «Өлбөс полк» онлайн-жүрүшү

2021-жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленет. Биз кыргызстандыктарды «Өлбөс полк» онлайн-жүрүшүнө чакырабыз, сиздерге MEGA24 тиркемеси жардамга келет. MegaCom абоненттери тарыхта түбөлүккө калган баатырлар, алардын үй-бүлөсү жана эрдиктери жөнүндө айтып бере алышат. Жүрүш Жеңиш күнүндө өтүп, «5-Канал», «НТС», жана «ЭлТР» телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Виртуалдык жүрүшкө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

Google Play же App Store’дон MEGA24 тиркемесин жүктөө;
«МегаПортал» бөлүмүнө кирүү;
«Өлбөс полк» баннерин басуу;
нускама менен таанышуу.
Форманы толтуруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун сүрөтүн тиркеңиз;
анын аты-жөнүн жана туулган жылын жазыңыз.
Биз каарман аталарыбыздын эрдиктерин эч качан унутпайбыз. Сиздерге терең таазим!

"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы
"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх