Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облустук ИИБнын кызматкерлерине жеке компания автоунаа белек кылды (сүрөт)

Милиция кызматкерлерине Honda CR-V 2 автоунаасы белекке берилди

Баткен районунун чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында аймактык милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасына олуттуу зыян келтирилген. Лейлек районунда Максат айылындагы жергиликтүү милиция бөлүмү өрттөлүп жок кылынды, Жаңы-Жер полиция бөлүмүнүн имараты тонолуп кетти. Ок атуунун натыйжасында эки Газель жана Нива унаалары жабыркады.

Мээримдүү жарандар жергиликтүү милиция кызматкерлерине колдоо көрсөтүп, алардын тез арада кадимки жумушуна кайтып келүүсүнө жардам берүүнү чечишти. Материалдык жардам катары "Бийиктик курулуш" компаниясы укук коргоо кызматкерлерине Honda CR-V 2 автоунаасын белек кылды.

Компаниянын өкүлү Нурбек Калбаев белгилегендей, милиция кызматкерлери чек ара аймагында тынчтыкты орнотууга чоң салым кошушкан.

«Биз силердин эл үчүн жан аябастык менен кызмат кылганыңарга, кайраттуулукка жана туруктуулукка күбө болдук. Биз мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу ишине салым кошуп, сиздерге ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп жаткандыгыбызга кубанычтабыз », - деди Нурбек Калбаев өз сөзүндө.

 

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов көрсөткөн жардамы үчүн “Бийиктик Курулуш” компаниясына ыраазычылыгын билдирип, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча өз ишин мындан ары да жогорку деңгээлде жүргүзө тургандыгын белгиледи.

Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх